«Таш Рабат» соода борборунан өрт чыкты
07-теке, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарындагы «Таш Рабат» соода борборунда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматта, түндө “Таш Рабат” соода борборунда өрт чыгып, соода борборунун Горкий көчөсү тарап кара түтүнгө чулганган. Үч өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрт келтирилген чыгымдар эсептелинип жатат.