Таймурас Ташиев парламенттик шайлоого аттанабы?

Өздүк булактардан алынган маалыматтарга таянсак, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тун уулу Таймурас Ташиев шаардык кеңештеги мандатын өткөргөнү айтылууда.

Белгилей кетсек, буга чейинки жергигиктүү кеңештерге болгон шайлоодо ал Джалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен келген.

Таймурастын бул «жүрүшүн» айрымдар анын 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңешке талапкер болуп баруусу катары чечмелешүүдө.

Азырынча Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясы депутаттын мандатын тапшырганы тууралуу билдирише элек….

Add your comment

Your email address will not be published.