Тааныш эжем жолдошуна турмушка чыгуумду сунуштап жатат, эмне кылсам экен?

Тааныш эжем жолдошуна турмушка чыгуумду сунуштап жатат, эмне кылсам экен?

28-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Эжелер сиздерден жардам сурагым келип жатат. Эки балам бар, жолдошум мени таштап кеткен. Азыр эки бала менен тапканым күнүмдүк тамак-ашыбызга араң жетет. Балдарыма жаңы деле кийим алып бере албайм. Лалафодон бирөөлөрдүн кийимин бекер алып келем. Жакында бир эже балабуу боло албай журөбүз жолдошума экинчи болуп турмушка чык, балдардын камкордугун өз мойнубузга алабыз дейт. Эженин жолдошу жашы кырктан ашып калыптыр. Үч кызы бар экен. Бизди өзүнчө үйгө жашатып, эки күндө бир келип турмай болуп жатат. Азырынча эжеге жообумду бере элекмин. Кандай кылсам жаңылышпайм. Биринчи күйөөмдөн кордук көрүп мени өлтүруп кое турганга жетип калганда ажырашып кеткем. Арадан эки өттү.Бр жолу да балдарын сурап келген жок. Кичүү баламды муздак жерге отургузуп коюп швеяда иштечүмүн, ошондо суук өткөнбү  табарсыгы бош сийип кое берет. Мага окшогон проблемасы көп аялды балдарын менен камкордугуна албайт болсо керек. Жалган болуп калса дагы бир бала кошуп баарын бага албай кыйналамбы деп коркуп жатам. Ал эми мени турмушка чыгууга ундөп жаткан эжелер материалдык жактан жакшы турушат. Канча кылганы менен ишене албай турам.
Наку