Сыры эмнеде? Эдил Байсалов жыйырма жылдан бери бир да жолу түрмөгө түшкөн жок

Сыры эмнеде? Эдил Байсалов жыйырма жылдан бери бир да жолу түрмөгө түшкөн жок

02-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов чоң саясатта жыйырма жылдан бери мүдүрүлбөй келатат. Узак жылдар бою оппозициянын көрүнүктүү лидери катары алектенип, элибизге аттын кашкасындай таанылган. Сабаты, тажрыйбасы жагынан астына жан салдырбайт. Акаев, Бакиев жана Атамбаев режимдеринен бери кыйынчылыктарды баштан кечирип, курч көз карашы үчүн далай куугунтуктарды көрдү. Бирок бир да жолу түрмөгө камалган жок. Бир эсе Кудай сактаса, экинчиден өзүнүн кылдаттыгы, тазалыгы менен өзгөчөлөнө алды. Бул жагынан Эдил мырзадан сабак, үлгү алышыбыз керек.

«Азия Ньюс» гезити