Суунун азайышы Токтогул ГЭСинин токтоп калуу коркунучунда
02-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева2022-жылдын 2-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 8 миллиард 995,04 миллион кубометрди түздү. Маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирди.
Ал эми акыркы үч айда бул көрсөткүч 2 миллиард 925,46 миллион кубометрге, 2021-жылдын февраль айына салыштырмалуу 1 миллиард 670,06 миллион кубометрге азайган. Былтыр бул күнү Токтогулкада 10,6 миллиард метр куб суу болгон.
Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 503 метр кубду, агып кириши 152 метр кубду түзүүдө.
Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн.