Спорт чебери Бекдөөлөт Расулбеков дагы бир медалга ээ болду

Ташкентте (Өзбекстан) өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатында Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак ченинде кичи күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматта, Бекдөөлөт Расулбеков  217 килограммды көтөрдү. Бул дисциплинада ал экинчи орунду ээледи. Ошондой эле жулкуп көтөрүүдө  167 килограммды так көтөргөн.  Жыйынтыктоочу протоколдо ал төртүнчү орунду (384 килограмм) ээледи.

Add your comment

Your email address will not be published.