Садыр Жапаров: Тез арада чек араны бекемдеп, даярданыш керек…

Афганистандан улам региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарын бекемдеп, кыргыз армиясынын курал-жарак, аскердик техникасын толуктап, аскердик күчтөрдүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу — учурдун негизги максаты. Бул туурасында президент Садыр Жапаров элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушууда айтты.

“Коңшулаш жана боордош өлкө Афганистанда болуп жаткан акыркы окуялар бүтүндөй дүйнө жүзүн тынчсыздандырууда. Биз мүмкүн болушунча тез арада Афганистандагы ички саясий абалдын турукташуусуна, көп улуттуу афган элинин бейпилдикте жана коопсуздукта жашоосуна чын пейилден кызыкдарбыз”, — деп билдирген мамлекет башчысы.

Аны менен катар эле кооптуулуктан улам учурдун негизги максаты көзөмөлдү жана аскердик даярдыкты бекемдөө экенин айткан.

“Региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарыбызды бекемдеп, көзөмөлдөө ишин активдештирүү менен бирге кыргыз армиясынын курал-жарак жана аскердик техникасын толуктап, аскердик күчтөрүбүздүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу учурдун негизги максаты деп эсептейм”, — деди президент элчилер, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин алдында сүйлөп жатып.

Add your comment

Your email address will not be published.