Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган. Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Анын негизинде 18 тонна сантехникалык товарлар, 10 тонна помидор, 6 тонна сабиз, 2 тонна кондитердик азыктар ж.б. келген. Келген мындай товарлардын топтому интернет колдонуучуларынын арасында талаш-тартышка себеп болду. Ансыз да жарыбаган акчага иштеген дыйкандардын мээнетине убал экенин белгилеп, – “Түркмөнстанга ишибиз помидор менен сабиз үчүн түшсө, анда абалыбыз оор экен”,- деген сыяктуу пикирлер арбын айтылууда.
“Мындан сырткары, кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган. Бул макулдашуулардын алкагында 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду”, — деп айтылат расмий маалыматта.Кыргызстанга экинчи тарапка эмне товарлар экспорттолот, негизи эле экпорттолобу белгисиз.