Россиялык сайтта Кыргызстандагы алтын кенин иштетүүгө лицензия сатылып жатат

Россиялык сайтта Кыргызстандагы алтын кенин иштетүүгө лицензия сатылып жатат

21-бештин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Россиянын “Avito” жарнама сервисинде Кыргызстандан Мазар-Ашуу кенинде издөө жана чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензиядагы үлүш сатыкка коюлду.

“Геологиялык чалгындоо жана издөө иштерин жүргүзүү боюнча инвестициялык келишимдеги 25 пайыздык үлүш сатылууда. Кыргызстан, Мазар-Ашуу кени. Жер казынасын пайдалануу мөөнөтү: геологиялык чалгындоо жана баалоо иштери үчүн – 5 жыл, геологиялык чалгындоо жана өнөр жайды иштетүү үчүн – 10 жыл ”, – деп айтылат билдирүүдө.

Участоктун аянты 61,8 миң гектарды түзөт. Алдын-ала өлчөнгөн өндүрүш – 700 миллион тонна руда, шарттуу алтындын болжолдуу запасы 180 тоннаны түзөт. 25 пайыздык үлүштүн базар баасы 447 миллион рубль.

“Инвестордун мүмкүн болгон кирешеси 100 пайыздан 500 пайызга чейин болушу мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү суранычтан кийин кендин иштетилгендигин тастыктаган документтерди жөнөтөм ”, – дейт сатуучу.