Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов жаңычыл идеясы, демилгеси жок, баягы эски системанын кылдыраган арабасына чиркешип алгандай эле иштеп атыптыр. Башкаруусу да башкарма кейиптенип. Мындай шартта оңолууну ойлош кыйын го… 

Дегенибиз, эгерде мунун ордунда Райымбек Матраимов болгондо, облусту өнүктүрүүнүн заманбап пландарын түзүп, Кытай, Түркия ж.б. өлкөлөрдөн инвестиция тартуунун жолун таап, бир жылдын ичинде өзгөрүүлөргө кадам таштайт эле. Ал эми үч жылда Ош облусун гүлдөгөн аймак катары өнүгүү жолуна салып коймок. Инвестиция келсе, өндүрүш тармагы жанданып, жумуш орундары түзүлүп, салык көбөйүп, Кыргызстандан түрдүү товар, продукциялар экспортко чыга баштамак. Таттуу кыялдын ишке ашуусундай сезилип атабы? Ооба, себеби ишбилги кадрдын жол табарына ишеним күч!

Баса, убагында Сооронбай Жээнбековдун ичи тарып, Райымбек Матраимовго Баткен облусунун губернаторлугун бербей койгон. Эгерде дайындоо өз маалына төп келгенде, Баткенге завод, кичирайон курулмак экен. Бул ишке аша турган реалдуу көрсөткүч эле.

Өнүккөн өлкөлөрдү карап көрсөк, ириде кадр саясаты туура тандалып, мыйзамдуулук, тартиптин негизинде гана алдыга кетип атышат. Туруктуулук бар жерде иштөөнүн үлгүсүн көрсөткөн жетекчилер инвестиция алып келүү менен элди жакыр жашоодон чыгарышууда. Бизде да андай мүмкүнчүлүктөр бар. Анын эң башкы мисалы – Райымбек Матраимов!

«Азия Ньюс» гезити