Өзгөндө унаадагыларды белгисиз адамдар атып кетишкен

Өзгөндө унаадагыларды белгисиз адамдар атып кетишкен

19-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Ош облусунун Өзгөн районунда белгисиз бирөөлөр унаага ок чыгарып, эки адам каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 19-мартка караган түнү болжол менен саат 3-35 чамасында райондук ооруканадан милицияга кабар түшкөн. Анда октон жараат алып үч бейтап ооруканага түшкөн. Анын экөөсү оор жаракаттан улам эсине келбей каза болуп калган. Арткы орундуктагы бирөөсу оор абалда ооруканада жатат. Бул факт боюнча кылмыш иши катталып, иликтөө иштери журүүдө. Азырынча ок чыгарып из жашыргандар табыла элек.
Булак: argument.kg