Нурлан Мотуев: “Чипо тантык 1-класстын балдарындай жазат экен”
16-бугу, 2020-ж // //
1 жылдан бери “Көмүр королу” Нурлан Мотуев менен “Чыпалак баатыр” каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов экөөнүн пикири келишпей, рингден күч сынашуу боюнча кеп козголуп келатат. Жакында эле Чыпалак баатырдын “Мотуев менен беттешке даярдык” деген аталыштагы спорт залда машыгып жаткан видеосу интернетке тарап, буга Мотуев “Чыпалак баатыр, сени рингден майыптардын арабасы менен алып кетишет” деп жооп берген. Ага “Чыпалак баатыр “карыган чал, очкарикти чыпалагым менен эле көтөрүп салам” деп жооп кайтарды. Азыр “Эгер экөө беттешсе Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттешиндей эле кызык болот. Беттеш уюштургула” деп бүйүрү кызыгандар көбөйдү. Биз Нурлан Мотуев менен бул тууралуу кыскача маек курдук.
-Нурлан мырза, кандайсыз? “Чыпалак баатыр” каймана аты менен таанылган блогер Зарылбек Аликенов сиз менен рингде күч сынашам деп жазды. Буга сиздин жообуңуз кандай?
-Ооба. Былтыр ютубдан көргөм. Инстаграмдан Чыпалак баатыр түз эфирде отурса бирөө ”Нурлан Мотуев менен мушташасыңбы?” деп суроо бериптир. Ошондон бери эле “мушташам” деп кашынып келатат. Башында “ээ кой, мушташканды эмне кыласың? Андан көрө чогуу бир долбоор кылалы” деп жай жооп бергем. Антсем дагы болбойт, улам эле келип алып “мен мушташам” деп. “Эми мушташсаң мушташалы” деп өткөндө силердин сайтыңар аркылуу жооп берсем, кайра качпадыбы, ишке ашпай турган шарттарды коюп. “Бир демөөрчү чыгып 100 миң доллар, 20 кой, саан уй, жылкы-пылкы койсо гана рингге чыгам” деп кайра өзү качпадыбы. Өзү кашынып тийишип алып, кайра качкан бала экен да бул.
Эми эмне кылайын? Тарбиясы жок бала болсо ушул экен да. Мен тууралуу “карыган чал, очкарик” дептир. “Эр ортону – элүү” деп койгон илгери кыргыз. Элүүдөгү мен чал болсом, тиги Ак үйдө жүргөн алтымыштагы Атамбаев, Текебаевдер анда такыр эле жөрмөлөгөн карыя болуп калышыптыр да ээ? Майк Тайсон “грушаны” былчылдатып уруп, чал болбой эле жүрөт го. Бул бала “айылский”, “колхозбайский” ой жүгүртөт да. Айылда 40ка чыкса эле карыдым деп, 50 жашында өлгөнгө даярдана башташат. А меники “городской”, “современный” ой-жүгүртүү да. 50 жашымда өзүмдү жаш деп эсептейм. 80 жашка чыкканда гана өзүмдү карыдым деп эсептейм.
-Балким, ал юмор катары хайп кармап жаткан чыгар…
-Бул юморду да түшүнбөгөн бала экен. Өтө эле корс, орой бала окшойт. Окуялардын тегерегинде, келечектеги беттеш тууралуу юмор менен сүйлөбөй, кыргыздын нарк-насилин сактап менин жашымды сыйлабай, жеке сапаттарыма асылып баштады. Мен анын жеке сапаттарына асылсам жаман болот. 35 жашка чыгып калган киши ушинтип жазабы? 3 жаштагы бала дагы минтип сүйлөбөйт. 13 жашар бала дагы минтип жазбайт. Керек болсо 1-класстын балдары минтип жазбайт. Бул деген психикалык оорунун белгилери да, туурабы? Шизофрения, паранойя ооруларынын белгилери. Ушунча жашка келип туруп жанагыдай сүйлөп, публикага жазып калганы ошондон.
Дагы кошумчам, өткөндө интернетте бир видеосу жүрөт. Өзүнүн 2 бала төрөп берген аялы бар экен. Ал аялы менен бул бала жашап жатабы же жашаган жокпу билбейм, бирок, ошол аялын шылдың кылып чыгарып жатат. Хайп кылса башка нерсе аркылуу кылбайбы. Үй-бүлө деген ыйык да. Анан ошол үй-бүлөсүнүн ыйыктыгын сактабаган бизге окшогон элүүдөгү кишилердин кадырман, улуктугун бул макулук билип коймок беле? Рингге бир чыкчу болсом, былчылдатып тумшугун талкалап моокумум канат го. Ох, ата, ошол күндү эми чыдамсыздык менен күтүп калдым.
Очки тагынсам эле мушташа албайт деп ойлоду го. Ал очкини тагынсам мен газета окуй албайм. Очкимди алып койсом 5 метрди дапдаана көрөм. Меники -2 эле. 5 метрди даана көргөндөн кийин бет алдымдагы 1-2 метрдеги атаандашымды жөн эле көрөм. Көрмөк түгүл көтөрүп чаап, көрпөсүн сыйрыйм.
-Беттештин гонорары канча болушу керек деп ойлойсуз?
-“Ставка”, гонорар боюнча бир чети Чыпалактын айтканы деле туура. Же ошончо көп сумманы айтып алып качтыбы? Оозунан жаңылды да. Биринчи “чыгам” деп опурулуп жаткан. Мен “давай” десем тигинче ставкан айтып качты. 100 миң доллар деп. Азырынча ошол эле Чыпалактын ставкасы туруп турсун. Анан көрөбүз. Эгер кызыккан тараптар болуп кетсе, аны дагы көрөбүз. Мүмкүн көтөрүлүп кетет. Баягы ажиотаж, суроо-талапка карайбыз да. Демөөрчүлүк, промоутердикке карайбыз.
-Мушташпаган эркек болбойт деңизчи. Бирок, сиз сыртыңыздан андай көрүнбөйсүз го.
-Ой, менин мушташканымдан анчалык эмне шек санап жатасыңар? 1 жыл абакта отурганда “каралар” жолой алышкан эмес. 100 мусулмандын ичинен 3 өзбек чыккан “борзый” болушуп. Аларды патырата сабагам. “Үчөөң биригип “прогулкага” чыккыла, мен жалгыз чыгам” десем качып коюшкан. №27-колониянын жетекчилиги билет. Бул 2018-жылы болгон окуя. 40 кыргыз, 60 өзбек болчу. Ошондо деле качып 3өөнү бириктирип чыккыла десем качышкан, бириндетип жүрүп төпөштөгөм аларды. Ушунун баары машыгуу тынбай кылганымдын жыйынтыгы да. Болгондо да алар Сирияда согушуп келген ИГИЛчи өзбектер болчу. Анан өздөрүн “борзый” сезишип өздөрү катылып алып, өздөрү таяк жешкен да. Ошондон кийин мени “лидер бол” деп башташканда мен болбой койгом. “Келгениме 1 жылдай эле болуп кантип лидер болуп алам? Бул жерде 17-20 жыл отургандар бар”,-деп. Боорум ооруйт аларга. 17 жыл күн көрбөй отурса анан мен барып алып лидер болуп алсам туура эмес. Ансыз да үчөө менден таяк жешти.
-Маегиңизге ыраазычылык. Алдыдагы беттеште ийгилик каалайм.
Булак:БарсМедиа