Өмүрбек Текебаевди сабап кеткендер изделүүдө
02-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаясатчы Өмүрбек Текебаев кол салуу фактысы боюнча милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга 1-декабрь күнү саат 15:30дар чамасында «Парк-отелдин» жанында белгисиз адамдар Текебаевдин денесине залал келтиргени тууралуу маалымат түшкөн.
Саясатчы мейманкананын имаратынын жанында болгон, ага белгисиз адамдар тобу келип, физикалык күч колдонуп, 10 миң сомдук телефонун тартып алып, денесине залал келтиришкен.
Текебаев Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө арыз жазган.
Бул факты Биринчи Май РИИБнин ЭПККсына катталып, 201-берененин 2-бөлүгүнүн 1-бөлүгүнүн 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же бир топ адамдар тарабынан каракчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Денеге келтирилген жаракаттын оордугун аныктоо максатында иштин жагдайы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык жасалган жосундун кошумча квалификациясы жөнүндө маселе чечилет.
Милиция бул кылмышты жасаган белгисиз адамдарды издеп жатат.
Буга чейин саясатчы Өмүрбек Текебаев ага кол салуу болгонун билдирген. Окуя 1-декабрда түштөн кийин «Парк-отель» мейманканасынын жанында болгон.
Социалдык тармактарда саясатчыга кол көтөрдү делген жаштардын сүрөттөрү тарады .