Москвага келсем күйөөм өзүнөн улуу аялга үйлөнүп алыптыр

Москвага келсем күйөөм өзүнөн улуу аялга үйлөнүп алыптыр

01-жетинин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы мен кыргызстындан 2 балам менен келгичек күйөөм Москвадан өзүнөн улуу катынга үйлөнүп алыптыр. Үйлөнгөнүнө 1 ай болуптур ага чейин 7 ай бою экөө жүрүшүптүр. Мен Москвага келгенден кийин ал катын мага жазыптыр мени билесинби мен 2-аялы болом деп. Өзү ажырашкан 1 уулу бар экен 10 жаштагы , менин күйөөмөн боюмда бар 5 айлык деп. Экөө түшкөн сүрөттөрүнө чейин көрсөттү. Ушундай аялдар өзүңөрдүн теңинерди таап тийгилечи күйөөгө! Бирөөнүн үй бүлөөсүнүн тынчын албай! Менин күйөөм чоң ката кылды макул деп кечирдим бирок жүрөк дагы деле сыздап жатат ! Ат айланып казыгын табат дейт ! Бирөөнүн эрин тартып алам деп ойлоптур. Эки баламды мен атасыз калтыргым келбейт и кайдагы бир тряпкаларга орунду бошотуп бербегиле!Күйөөңөрдү бекем кармагыла. Мен ишенип бош коём деп аз жерден үй бүлөөбүз чачырап кете жаздады!