Москвада 20 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө аракет кылган мигрант кармалды
09-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваМосквада 28 жаштагы Тажикстандын жараны 20 жаштагы орус кызды зордуктап, өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышууда.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы кыз зөөкүрдөн кутулуу үчүн 4-кабаттын балконунан секирип кеткен. Ал эми шектүү анын изине түшүп, кызды элдин көзүнчө бычак менен бир нече ирет сайып жиберген. Күбөлөр дароо милиция кызматкери менен 103 кызматын чакырышып, кызды оор абалда ооруканага жеткиришкен.
“Кыз тазалоо кызматында иштеген. Ал эми тажик жараны аны үйүн жыйнатууга чакырган. Үйүнө барганында байлап алып зордуктап, андан соң өлтүрүүгө аракет кылган. Көп өтпөй шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ал жашаган батирден колу-буту скотч менен байланган 1984-жылкы жана 1999-жылы туулган дагы эки аял киши табылды. Кылмышкерге 3 берене боюнча иш козголуп, учурда тергөө иштери башталды”, — деп берилет маалыматта.