Мирлан Самыйкожо: “Жандүйнө ачка болсо, адамдын мүнөзү, пейили бузулат”

Мирлан Самыйкожо: “Жандүйнө ачка болсо, адамдын мүнөзү, пейили бузулат”

31-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

— Мирлан мырза, чыгармачылык кантип жатат? “Поэзия менен саясат экөө коошпогон нерсе” деп коюшчу эле…

— Коошкон эле нерсе. Чыгармачылык биздин өзөгүбүздө, аны кумга көмүп, ташка басып койсоң дагы туңгуюк туюгунда тулпардай чыңырып чыга берет. Чыгармачылыкты биз астейдил сакташыбыз керек. Ал бизди этият сактайт. Анткени, чыгармачыл адамдын ичиндеги бурганак – бул эч качан жоюлуп, жок болуп кетпейт. А эгер жок болсо, пайда болуп да кетпейт. — Депутат болгондон бери канча ыр жаздыңыз? — Экини. Депутат болгонго чейин деле ошондой аз жазчумун. Мен жижиң калем эмесмин. Отуруп эле шаркыратып жаза берген нерсе болбойт да. Жандүйнөңдө бышып, кайнап, жетилип, анан чыгыш керек. Эки ырымдын бирөөсүн кечээ жакында эле жарыя кылдым. Баткен боюнча. Өзүмдүн көргөнүмдү, эл-журттун абалы, ошол жердеги кырдаал боюнча жаздым.

— Анда саясат сиздин чыгармачылыгыңызга тоскоол болгон эмес турбайбы?

— Болгон жок. Бирок мен ойлойм, саясат эмес, жашоо өзү чыгармачылыктан турат. Сен өзүңө жооп берип, өзүңдүн жандүйнөңдү уга алсаң… Өзүнүн ичиндеги менен жашайт да адам. Биз өзүбүздүн өзөгүбүздөгү чыгармачылыгыбызды кантип кысабыз? Мен кыса албайм, антүү менин колуман келбейт. Ал ээ-жаа бербей турган нерсе, ал – толкун, вулкан. “Талант-вулкан тар бөлмөдөн атылган” дейт го? Мен жана айткандай, ташка, кумга бастырып койсоң да чыга турган нерсе.

— Ыраматылык Алик Акималиев лекцияда отурсак да илхам келгенде ордунан тура калып, сыртка чыгып кетчү эле. Сизде андай учурлар болбойбу?

— Мен анчалык эмоционалдуу эмесмин го. Ооба, кээ бир учурда толкун болот. Бирок, ошол толкунду сыртка чыгырбай, тескерисинче, ичтен кайра бышырыш керек. Мен аны “чийкөбүк” деп эсептейм. Этти бышырганда чийкөбүгү чыгат го? Аны калпып алып саласың да. Андан кийин тунук сорпо чыгат. Ошол сыяктуу биринчи келген ой, биринчи келген толкун – эмоция, чийкөбүк болушу мүмкүн. Бирок, ошол эмоциянын ичинде негизги жарык, “жылт” эткен учкун бар. Ошонусун гана алып калып, калганын ыргытып ийиш керек. Мен көп ырларымды көзүн карабай өрттөп ийем.

— Ички канааттанбагындыктан уламбы?

— Канааттанбагындыктан. Кээ бир учурларда өзүңө деле жагып турат… Элестетип көрсөңүз, чыгармаң балаңдай көрүнүп кетет кээде. Бирок, ошону көрүп турсам деле “мындан да күчтүү чыкса экен” деп өрттөп ийем. Бирок, ойдо калып калат да. Ошол кайра бышып, кайра иштелип атып, андан да жакшысы чыгат.

— Бул жерде окуганга мүмкүнчүлүк болот бекен?

— Эми ушул нерсе маселе болуп атат. Мен өзү окумайын тура албайт элем. Үйдөн чыкпай, эч жакка барбай окучумун. Азыр анте албай жатам, мен муну моюнга алам. Окуйм, бирок өтө аз. Себеби, оюңда башка нерсе болсо, чыгарма окуй албайт экенсиң. Өзүңүз билгендей, мен чыгармачылыктан саясатка келдим. Азыр көбүнчө мыйзамдын тилин окушум керек болуп жатат. Жандүйнөгө азык берчү нерселерди окуй албай жатам. Билем, жандүйнө ачка болсо аябай жаман. Адамдын мүнөзү, пейили бузулат. Бирок, мен эки жыл мыйзамдарды окуйм деп өзүмө максат коюп алгам. Эки жыл бою мыйзамдарды толук окуп бүтпөсөм дагы, өзүмө сиңирип, андан кийин кайра чыгармаларды аралаштырып окуй баштайм.

— Анда “депутат болсоң жазганга, окуганга мүмкүнчүлүк кенен болот” деген жаңылыш пикирби?

— Андай болбойт экен. Билбейм. Мага болбой жатат. Себеби, парламентке келгенден бери төрт мыйзам демилгеледик. Аларды ийне-жибине чейин карап чыгып, юристтер менен отуруп сүйлөшүш керек экен. Туура, же туура эместигин, Башмыйзамга каршы келбестигин карап чыгыш үчүн өтө көп убакыт талап кылынат. Ошон үчүн бош убактым дээрлик калбай калат. Экинчиден, мен бир мандаттуу округдан келгендиктен, мага кайрылгандар аябай көп болот. Ошончо адамдын добушун алып келдим, алардын ар бири аманат да. Ар бир адамга жооп беришим керек. Мен мурда чыгармачыл адам катары эркин жүрө берчүмүн.

Эч кимге, атүгүл үйбүлөмө да жоопкерчилигим жок болчу чындап айтканда. Үй-бүлөм да туура түшүнүп, менден көп нерсени талап кылышчу эмес. Азыр эми бир эмес, жүзү миң үй-бүлөнүн жүгү менин мойнумда. Ар бир күнүмдү, саатымды бөлүп алгам. Ошол программа менен иштеп, дүйшөмбү күнү шайлоочуларымды кабыл алам. Экинчи күнү комитет, үчүнчү-төртүнчү күнү палатанын жыйыны, жума күнү фракция бар. Демалыш күндөрү кийинки мыйзамдарга даярданышым керек.

— Кандай дейсиз, акындыгыңыз депутат болушуңузга жардам бердиби?

— Берди. Чыгармачылыгым атымды чыгарды да. Баягы “атымды айтсам ким тааныйт, атамды айтсам эл тааныйт” деген сөз бар го, ошол сыяктуу мени чыгармачылык Самыйкожо кылып чыгарды. “Бирик” деген ырым элге тарады. Аны дүйнө чемпиону аянттан окуду. Ошондон эл таасирленди. Андан башка мекенчилдик, эл-жер, махабат темасындагы ырларым көпчүлүккө тараган үчүн элге таанылдым. Шайлоо учурунда мен элге бир эле убада берип келгем, “жол салып, көпүрө куруп, суу чыгарып берем” деп айткан жокмун. “Биз аткаруу бийлигине эмес, мыйзам чыгаруу бийлигине баратабыз” дегем. Атаандаштарымдын “ыр жазган неменин парламентке барганда колунан эмне келет эле?” деген сөзүнө “ырды кандай жазсам, мыйзамды да ошондой жазам” деп жооп бергем. Эми ошол сөзүмдүн өтөсүнөн чыгышым керек. Азыр мына Кудай буюрса, төрт мыйзамды демилгелеп, ишке ашырып жатабыз.

— Кайсы акындарды окуйсуз, кимди өзүңүзгө кумир тутасыз?

— Мен башынан эле бирөөдөн таасирленип, кимдир бирөөнү кумир туткан жокмун. Акындарга, жазуучуларга да таасирленбедим. Бирок, жакшы көргөн акындарым бар. Мисалы, Карбалас Бакиров. Аны өзүмдүн устатым катары эсептейм. Бурганактаган ойлору, жаңычылдыгы аябай жагат. Бизден бир аз улуурак муундан Зайырбек Ажыматов, Элмирбек Иманалиев бар эле. Казак акындарынан Мукагали Макатаев.

Булак: Азия News гезити