Менин себиме келген унаамды кайын сиңдим айдап кетти

Турмушка чыкканга чейин эле унаам бар болучу. Күйөөм менен беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ата-энем өз эмгегиң деп унаамды себиме кошуп беришкен. Менин алдымда эле турмушка чыккан кайын сиңдиме кайненем унаамды алып берип койду. Кайненем: “биздин үйгө кирген оокат демек биздики мен кандай кылсам ошондой болот. күйөөңдүн унаасы бар ошого түш кызым айдайт”-деп койду. Ичим ачышып калдым. Ал унааны алыш үчүн мен үч жыл катары менен акчамды чогултуп, өзүмдөн экономдоп жатып араң алган болчумун. Кайын сиңдим келип кеткен сайын жашынып алып ыйлап жатам.

Add your comment

Your email address will not be published.