Мени зордуктап жүрөт деп өгөй атасынан өч алган
27-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваӨгөй кызын зордуктагады деп шектелген адам убактылуу камоочу жайда асынып каза болгон. Бул тууралууRatel.kz. сайты жазып чыкты. Алардын маалыматында, 14-жаштагы өгөй кызын зордуктады деп 29-жаштагы Т.А. жыйырма жылга эркинен ажыраган.
Бул окуя өлкөну ызы-чуу кылган эле. Өспүрум кыз социаллдык тармактан өгөй атасы бир нече жолу зордуктаганын жазып чыккан. Бул тез эле полиция кызматкерлерине жетип, атасын абакка алып киришкен. Ал эми кыздын апасы болсо күйөөсү мындай ишке барбасын айтып кызы көйгөй жаратып келгенин айткан. Дайыма сабактарга кирбей же бирөөлөрду алдап артынан даттануучулар көп болгонун да баса белгилеген.
Кийин өспүрүм кыз болгону атасын коркутуп коюу максатында ага көө жапканын мойнуна алган. Көрсө кызы өзүнөн бир топ улуу жигиттер менен түндөп кетип, акыркы жолу атасы аны өспүрүм жигит менен үйүнөн кармап алган. Бул окуяны апасына айтпоосун суранган бирок, күнөөсүн жабыш үчүн ошол заман социалдык тармакка атасы зордуктап жүргөнүн жазып таратып ийген. Ал эми атасынын жактоочусу кыздын кыздык белгиси бузулбаганын экспертиза аныктаганын билдирген. Көп өтпөй атасы кызга тийбегенин жазып асынып калган. Бул окуядан кийин кыз президентке кайрылуу жасап, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жардам беришин суранган
ARGUMENT.KG