Матраимов менен Жээнбековго кылыш иши козголду
08-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваАсылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Чоң казат” партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев 24.кж агенттигине билдирген.
Айтымына караганда, кылмыш иши булардан сырткары экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да козголгон.
“Кылмыш иштери бүгүн, 7-октябрда козголду. Аларды Аскер прокуратурасы иликтеп жатат”, – дейт ал.
Эске салсак, “Чоң казат” кыймылы Сыймык Жапыкеевди элдик башкы прокурор кылып коюшкан.