Маркум Элмирбек Иманалиевдин жубайы: «Азыр уулум атасынын сүрөтүн өөп, оозуна жегендерин берет»
25-бугу, 2020-ж // //
Журналист Динара Чокоева өзүнүн жеке Фейсбук баракчасына маркум Элмирбек Иманалиевдин жубайы менен курган маегин жазды:
«Элмирбек Иманалиевдин эң кенже, бир жарым жашка чыга элек уулу Элхан. Элмирбек байке каза болгондон бери, Элханды ойлоп эле жүрөгүм ооруйт.
Менин балам экөөнүн аты окшош, ортолорунда 1-2 айдай эле айырма бар. Нурзат жеңе видеосун жөнөтүп жибериптир, атасынын бөлмөсүнүн оозунда жатат. Күн сайын атасын ошол жерден күтчү экен.
«Балдар кийимдерин булгап койбосун деп эшигин бекитип койчумун. Элмир келгенде ачылчу. «Ушул эшикке кирчү»,- деп күтүп жатат го. Элмир, Элханды өзгөчө жакшы көрдү. Жумуштан келээри менен көтөрүп ырдап берип, чарчаганына карабай караар эле.
Элхан дагы өзгөчө жакшы көрүп, атасы келгенде мени карабай, кеч келип калса бөлмөсүнүн эшигинде күтүп отурчу. Анан атасына видеого тартып жөнөтүп койсом шашып келчү. Азыр атасынын сүрөтүн өөп, оозуна жегендерин берет», — дейт.
Жүрөк тилинет. Ушул баласынын тоюн көрсө эмне арман.
«Акыркы күндөрү бир башкача жакшынакай болуп калган. Мен тамашалап «сен акыркы күндөрү сулуу жигит болуп кеттин го» десем, «сен жакшы карап атпайсыңбы?» деп кулуп койду эле. Байкушум өлөөрңн билген жок. Бирок мен бактылуу экенмин, ушундай инсандын жубайы болгонума, шүгүр кылайынчы», — деп көзүнө жаш алат.
Маегибиз ый менен аяктайт. Эх өмүр бою арман болуп калды го…», — деп Чокоева жазган.