Мамилени бузган адаттар…
07-бирдин айы, 2019-ж // //1. Негатив ойлогонду коюңуз
Сүйүктү адамыңыз менен ортодогу мамиле тууралуу жаман ойлордон арылыңыз. Жаман ойлогон сайын боюңузду коркунуч менен тынчсыздык бийлей баштайт. Эмне ойлоп, же сүйлөсөңүз ошол көп өтпөй ишке ашат. Ошондуктан жакшы ойлорду ойлоңуз.
2. Оюн ойнобоңуз
Эгер чоң киши болсоңуз баланын оюнун ойнобоңуз. Келечекке таарынып, капкан курбаңыз. Сезип турган абалыңызды, сезимиңизди тактаңыз. Манипуляциядан оолак болуңуз.
3. Сүйүү гана жетиштүү эмес
Махабат аздык кылат. Мамилени сактоо үчүн жолдошуңузду баалай билүү кажет. Ал үчүн сүйүктүңүз менен достук мамиледе болуш керек.
4. Кызганганды коюңуз
Ар бир узак мамиле ишенимге курулган. Эгер жолдошуңузга ишенбесеңиз мамилени куруунун кереги канча? Саткындык тууралуу ойдон алыс болуңуз.
5. Көңүлгө толбогон мамиле
Адам менен мамиле кура баштаганда ал адам сиздин оюңуздагыдай чыкпаса, сиз каалаган адам болбосо ал мамилени такыр эле баштабаңыз. Себеби кийин милдеттүү түрдө көңүлүңүз калат. Өзүңүзгө жакпаган, көңүлүңүзгө толбогон адам менен эмне үчүн мамиле курасыз?
6. Жалгыздыктан кутулуш үчүн мамилени баштабаңыз
Жалгыздыктан құутулуш үчүн каалабаган адам менен мамиле курбаңыз. Ооба, барыбыз сүйгүбүз келет. Бирок ал үчүн өзүбуздү жакшы көрүшүбүз керек. Өзүңүздү күтүңүз, жакшы көрүңүз, билимиңизди жогорулатңыз. Убактысы келгенде өзүңүздүн адамыңызды жолуктурасыз.
БУЛАК:zaman.kg