Майрамбек Жумабеков: «Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандын сыймыгы»
11-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу Майрамбек Жумабеков аттуу фейсбук колдонуучусу Кубанычбек Жумалиевди колдоп пост жазды:
«Кыргызстанда гана эмес Россиядагы илимпоздордун арасында урмат-сыйга ээ, Кыргызстандын мактанычы болгон окумуштуу К.Жумалиевдин кадырын Конституциянын гаранты катары Сиз гана коргой аласыз! Эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө өмүрүн, тажрыйбасын арнаган инсандарыбызды дайым эле каралай бербейли, тепселебейли, УКМКны жамынган, мамлекеттик кызмат ордун пайдаланган атайын топко жана өзүн пиарлоо үчүн уюштурулган популисттик кадамга баргандардын курмандыкка чалуусуна жол бербейли. Бүгүнкү күндө биз, депутатыбызды мыйзамды одоно бузууга жол берип, каматып жатсак, анда жөнөкөй жарандардын укугу ким коргойт жана кантип корголот
Окумуштуу, академик Кубанычбек Жумалиев 65 жашта. Бул кишини Кыргызстандын интелектуалдык байлыгы болгон тизмедеги инсандардын алдыңкы саптарында турган белгилүү окумуштуу катарынан көрүүгө болот. Жумалиев 3-баскычтагы оор гипертониялык жүрөк оорусу менен эле жабыркабай, каргашалуу июнда COVID-19га чалдыгып 78% эки жактуу өпкө кагынуу илдетине учураган. Бүгүнкү күндө ар дайым тыкыр медициналык кароонун көзөмөлүндө турушу керек»-деп жазды ал