Мадумаров: Тажикстан менен чек араны жабууда көбүрөөк биз зыян тартып калышыбыз мүмкүн
12-бугу, 2020-ж // //Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Тажикстан менен чек араны жабууда көбүрөөк Кыргызстан зыян тартып калышы мүмкүндүгүн билдирди.
Анын айтымында, Лейлек районундагы жакынкы күндөрү Кайрагач көзөмөл-өткөрмө пункту толук жабылат. Бирок Тажикстандын Өзбекстан менен болгон мамилеси жакшырып кетсе, чек арада соода-сатык кылып күн көргөн кыргыз жарандарына зыяны тийиши мүмкүн.
«Экономикалык рычагдын убактысын биз өткөрүп жибердик. Азыр Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы алака жакшы болуп, 16 чек ара өткөрмө пункту иштеп жатат. 2017-жылы кээ бир өзгөрүүлөр менен ушул жолго барышты. Учурда Согди облусунун 82%ы кандайдыр бир деңгээлде бизге көз карандылыгы бар. Ал боюнча биз эки-үч күндө Кайрагач посттун жабууга барабыз. Аларда бизге кат берген. Эки айдын ичинде Арка зонасы Лейлектин батыш тарабындагы контрабанданы минимализация кылдык«,- деди Мадумаров.
Мындан сырткары Баткендеги «Кызыл-Бел» өткөрмө бекетин жабууда эл аралык келишимдер бардыгын, аны тиешелүү мамлекеттик органдар менене сүйлөшүү керек экенин кошумчалады.
Ал эми депутаттар чек ара чырынан улам 30дай жоокер майып болуп калганын эскертишип, өкмөт Баткендеги контарбанданы бир күндө ооздуктап койсо болорун айтышты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр 8-май күнү кечинде орун алып, андан үч кыргызстандык аскер жаракат алды. Бирөөсүнүн учурда абалы оор деп бааланууда-деп ТMedia билдирди