Мадумаров кол койгон протокол боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

Мадумаров кол койгон протокол боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

20-жетинин айы, 2019-ж // //

Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаровдун чек ара маселесин чечүү тууралуу кол койгон чечими боюнча, тагыраагы, 2009-жылы Тажикстан менен түзүлгөн протокол боюнча учурда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Толук жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу вице- премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосуна берген маегинде төмөнкүчө билдирди:
-Протоколдун тобокелчиликтерди изилдөө боюнча мен тараптан жумушчу топ түзүлгөн. Бул боюнча бирдиктүү чечим кабыл ала элекпиз, — дейт Разаков.
Эске салсак, 2009-жылы Адахан Мадумаров Кыргызстандын коопсузук кеңешинин катчысы болуп турганда тажикстандык кесиптеши Амиркул Азимов менен бирге Ходжент шаарындагы эки тараптуу жолугушууда чек ара маселесин чечүү максатында протоколго кол коюшкан. Мадумаров мындай чечимди стратегиялык жактан туура болгон деп эсептейт.
Тогуз пункттан турган протоколдун экинчи пункту талаш жаратып жатат. Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев «Азаттыкка» билдиргендей, жолду алып өтүш үчүн тажик тарап менен 10 жыл мурун түзүлгөн протокол кийин эки өлкөнүн ортосунда талаш-тартышка негиз болуп жатат. Ал Жака-Өрүккө чейинки 275 метр жерди ижарага алуу боюнча тиешелүү протоколго Мадумаров кол коюп салганын айтып чыккан.
Мурдагы губернатордун айтымында, Мадумаровдун колу менен Кыргызстан өзүнө тиешелүү жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алып калган.