Үлпөт тойдо коноктор бычакташа кетип жүрөккө сайган

Үлпөт тойдо сөз талаштан улам коноктордун бири экинчисине жүрөк тушка бычак сайган. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, Шарын аттуу айылда үлпөт той учурунда коноктор сөз талашып кетишкен. Талаштан улам уруш жаралып, 26-жаштагы жаран дайыма жанына салып жүргөн маки менен уруша кеткен конокту төшкө сайып ийген. Арачыга түшкөндөр колундагы макини кармаганга үлгүрбөй калышкан.  Кылмышка шектүү жаран ошол жерден полицияга окуяны төкпөй чачпай айтып берип, ошондой эле тойдо алар спирт ичимдигин ичип отурушканын мойнуна алган. Кылмыш иши козголуп, жаран убактылуу камоочу жайга киргизилди.

Add your comment

Your email address will not be published.