Кытайдагы жаңы вирус алтымыш кишиге жугуп, жети адам каза болгон

Кытайдагы жаңы вирус алтымыш кишиге жугуп, жети адам каза болгон

10-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Кытай жаңы вирустун белгилерин таап жатканын кабарлады. Вирус «SFTS» деп аталарын кытайлык окумуштуулар аныктап чыгышкан. Вирус кенеден адамга ошондой эле адамдан башка кишилерге кан же былжыр чел кабык аркылуу жугат.
Маалыматка ылайык, учурда вирус 60 кишиге жуккан. Ал эми каза болгондордун саны 7ге жеткен.