Кайсы сырдуу жигит Мээрим Жуманазаровага 501 гүл берди?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыздын намыстуу жигити Америкадан бери балбан кыз Мээрим Жуманазаровага 501 гүл белекке берди. Бул тууралуу жарандык активист Кундуз Ажибекова соцтармактагы баракчасына жазды.

«Социалдык тармактарда Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда катышкан спортчуларыбызды тосуп алууда Мээрим Жуманазаровага жакшы көңүл бурулбай калганы бүгүнкү күнгө чейин талкууланып жатат. Бишкектеги жигиттер ушул абалды жөнгө салып, бир букет гүл белекке берип коё албаганы өкүнүчтүү. Ал эми өзү алыста болсо дагы, Мээрим кызыбыздын көңүлүн көтөрүп, намыстуу жигитибиз 501 роза гүлүн белекке берди. Ушундай намыстуу жигиттерибиз көп болсун! Сизге терең ыраазычылык билдирем! Спортчу кыздарыбыз мындан ары да чоң чоң ийгиликтерди багынтып жүрө беришине тилектешмин», — деп жазды ал.

Өткөн аптада Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүн аэропорттон тосуп алууда Мээрим Жуманазарованын гана гүлсүз турган сүрөттөрү талкууланган. Кийин Маданият министрлиги гүл кыздардын баарына берилгенин маалымадаган.

Аргумент.kg