Кыргызстанда жаңы аба каттамдары ачылат. Тизме
30-бугу, 2019-ж // //Маалыматка караганда, Qazaq Air авиакомпаниясы 2019-жылдын 7-июнунан тартып Алматы — Ош — Алматы багытында жумасына эки жолу — жума жана жекшемби күндөрү каттай баштайт.
Бул авиакомпания 5-апрелден тартып Алматы — Бишкек — Алматы каттамы боюнча жумасына эки ирет — жума жана жекшемби күндөрү уча баштаган.
Муну менен бирге Air Arabia авиакомпаниясы 2-июлдан тартып Шарджа — Бишкек — Шарджа багытында аба каттамын ишке ашырат. Учактар жумасына 4 жолу — шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.
«Өзбек аба каттамдары» авиакомпаниясы 27-июндан баштап Ташкент — Тамчы — Ташкент каттамын ачат. Учактар чартердик негизде жекшемби күндөрү каттап турат.
«Атлас Глобал» авиакомпаниясы тарабынан 10-июндан тарта жайкы сезонго карата Анталия — Бишкек — Анталия каттамы ишке кирип, жумасына эки жолу — жума жана жекшемби күндөрү каттайт.
Мындан тышкары, 22-июнда «Сибирь» авиакомпаниясы Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багытында жумасына бир жолу — жекшемби күнү каттай турган болду.
Tez Jet авиакомпаниясы 28-июндан баштап жумасына төрт жолу учкан Ош — Тамчы — Ош каттамын жандандырат.
Ал эми июнда «Түрк аба каттамдары» авиакомпаниясы Анталия — Бишкек — Анталия багытында жумасына бир жолу — ишемби күнү учкан каттамды ишке ашырат.
Булак:Спутник