Кыргыз ишкерлери дезифекциялоо тунелин жасап чыгарышты
02-чын куран, 2020-ж // //Кыргызстанда жеке ишкерлер өз демилгелери менен дезифекциялоо тунелин жасап чыгышты. Бул тууралуу Жоодар Сайдилканов өзүнүн баракчасы аркылуу маалымдады. Алгачкы тунелдер даяр болгонун жана алар республикалык штабка акысыз тапшырылаарын билдирди. Тунелдердин бири жөө адамдар үчүн, экинчиси автоунаалар үчүн жасалган.

(Сүрөт интернеттен алынды)
«Covid -19 пандемиясы менен күрөшүү максатында биздин жергиликтүү www.Steelex.asia компаниябыздын цехинде алгачкы эки автоматташтырылган дезифекциялоо тунели өндүрүлдү, бирөө автоунаага, экинчиси жөөлөр үчүн арналган. Эртең Бишкектеги штабка акысыз тапшырылат, тийиштүү жерлерге орнотулат. Адамдарды контаксыз түрдө тестен ( анализ Covid-19) өткөрүү үчүн кабиналардын да өндүрүшүнө баштаганы турабыз. Бул күтүүсүз пандемиянын талабына дароо жооп бергендери үчүн жергиликтүү өндүрүшчү агам жана иним Syrttan Saidilkanov жана Расул Сайдилкановго ыраазычылык билдирем» дейт жеке ишкер.

(Сүрөттө жеке ишкер Жоодар Сайдилканов)

(Сүрөт жеке ишкерлердин жеке баракчасынан алынды)

БУЛАК:ФАБУЛАПРЕСС