Күйөөмдүн жашыруун аялынан баласы бар экен

Күйөөмдүн жашыруун аялынан баласы бар экен

15-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 16 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында көптөгөн кыйынчылыктарды басып өттүк. Чиедей балдарымды апама таштап коюп он жылдай Россиянын суугунда иштеп үй алдык, оокаттуу болдук. Балдарымдын кашында бактылуу өмур сүрүп баштаганыбызга алты жыл болгондо күйөөмдүн ким экени ачыкталып баштады. Кичүү баламды ээрчитип мектептен келе жаткам. Жолуман уулум курактуу кыз ээрчиткен аял тосуп чыкты. Мен адашып калып жол сурай го деп ойлоп токтотдум. Ал жетелеп жургөн кыз күйөөмдүн кызы экенин айтып, эки айдан бери алимент төлөбөй жатканын айтып ажылдады. Биринчи укканда өзүмдү жоготуп койдум. андан кйин гана жооп бердим. «Күйөөм менен жашынып мамиле кылган эми алиментти жашырынып сурап ал дагы бир жолу келсең сага күйөөмдү кошуп берем, менден бир тыйын ала албайсыңар»- дедим. Нес боло түштү. Анткени күйөөм туруктуу иштебейт, мен Дордойдо соода кылам. Үйдөгү негизги каражаты өзүм көтөрөм. Анын баарын билет окшойт. Унчукпай менден алыстаганча шашты. Колдорум калчылдап үйгө араң жеттим. Күйөөмө айтсам кокустук болуп калып төрөлуп калган соопчулук кылып тур ал кызга тыйын которуп дейт. Бул сөзунөн кийин ажырашып кетсемби деп ойлонуп жатам.