Коом

Күйөөм төшүң чоң деп жактырбайт, операция кылдырсам болобу?

Жаратылышымдан эле төшум чоң. Башында жолдошум деле ушуга карап мага үйлөнуп алган эмеспи деп кетем. Жолдошум кыз жандуу эркектерден болучу. Экөөбүз курбу кызымдын тоюнан таанышып калып бир айга жетпей мени алакачып алган. Чоң апам эски көз караш менен жашагандыктан мени бир босогону аттап киргенден кийин сыртка чыкпа деп койгон. Ошентип мен тааныбаган үйгө бүлө болдум. Бир балалуу болгондон кийин шаарга жолдошум менен чогуу кеттим. Экиинчи уулумдан кийин жолдошум төшүмдү айтып эле «элден өзгөчө чоң жашырып кенен кий»- дей берет. Ансыз деле кийимди эки же үч размер чон алып кием. Трикотаж кийим таптакыр кие албай калдым. Көчөгө чыксам элдин баары менин төшүмдү карагандай өзүмдү ыңгайсыз сезем. Кантип икчирейтсем болот? Операция жолу менен кичирейтсе болобу? Кийи зыяны тийбейби?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *