Күйөөм ойнош тапса деп тилейм.Мага да көңүлдөш табылат эле…

Күйөөм ойнош тапса деп тилейм.Мага да көңүлдөш табылат эле…

19-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы .Мен турмуштамын. Мен жогорку окуу жайды бүтүргөм. Дипломумду бирок ала элекмин. Менин ушул 2 жылдан бери оюм ар тарапка бөлүнүп жатат. Ажырашам деп дежурный сөз катары эле айтып калдым тообо кылдым. Жолдошум менен бираз урушсам эле,жобунду бер,талагыны бер деп суранып жатам. Балдарым бар шүгүр. Жолдошум зериккен адам болгондуктанбы,6 жыл ичи тажап кеттим уже. Ошол окуу жайыма барып кайрадан окугум келип,өзүмдү шым кийип,чачымды жайып жүргөнүмдү элестетип кетем. Кайрадан сүйүп,сүйүлгүм келип кетет. Студент болуп жүргөн күндөрдө,каалагандай часынды ондоп,баардык жигиттерди каратып жүргөндөрдү өзүнчө элестетип сүйүнүп алам. Оюмда,жолдошум мага талагын берсе,мен башка менен болуп анан күйөөмө келсем деген ойлор да келет. Мени башынан бирөө сүйүп калса кана эле,кандай болоор эле деп ойлоно берем. Ооба билем, азыр эмне деп жазарыңарды билип турам. Биринчиле,Намаз окуу ,С жиру бесишься,Сени ким карамак эле,окутуп ал өзүндү дешинер мүмкүн. Мен бир жакшынамын,оюм жайында эле)))) Мен абдан зериктим. Жакшы жашоодо,убактыбызды өзүмө арнап жашагым келип жатат. Жолдошум менен көп жолу эле сүйлөшүп көргөм.Бирок онолбогон эркекке миң сөз да жетпейт экен. Жолдошум ,көңүлсүз  адам,илгээрки ой менен жашайт. Эч бир айтканымы да кылбайт. Өзүнчө эле тилеп жатам,башка кыздар менен сүйлөшүп кетсе экен, мен ошол нерсени кантип кабыл алат элем деп ойлоном.  Кыскасы сөз ушул. Эмне кылса болот?