Коронавирустун жаңы омикрон штамы буга чейин коронавирус менен ооругандарга үч эсе тез жугат. Бул маалыматты Түштүк Африканын Эпидемиологиялык моделдөө жана анализдөө борборунун жана Жугуштуу оорулар улуттук институтунун (NIIZ) окумуштуулары айтып чыгышты дейт Reuters агенттиги.

Маалыматта, окумуштуулар коронавирустун жаңы штампын изилдөөгө алар, мурун коронавирус менен ооруган бейтаптар үч эсе тез жугузуп алып жатканын байкашкан. Ошондой эле илимий кызматкер Энн Фон Готберг коронавирустан вакцинация гана коргой ала турганын баса белгилеген. Омикрон деген атка ээ болгон коронвирустун жаңы түрү ондогон өлкөлөрдө каталды. Азырынча Кыргызстанда жок.