«Коопсуз шаар» долбоорунан бир айдын ичинде канча каражат түшкөнү айтылды…

«Коопсуз шаар» долбоорунан бир айдын ичинде канча каражат түшкөнү айтылды…

04-чын куран, 2019-ж // //

«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тарта ишке кирген. Бирок жол эрежесин бузган айдоочуларга 4-марттан тарта гана айып салына баштады.
Бир айдын ичинде эреже бузган айдоочулар канча каражат которгону тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Исаев маалымат берди.
Анын айтымына караганда, 4-марттан 3-апрелге чейин салынган жалпы айыптын 34 пайызы төлөндү.

«Бир айдын ичинде «Коопсуз шаардын» камералары 38 миң 893 эреже бузууну каттады. Алардын ичинен 13 миң 371 айдоочу айып пулду төлөдү. Натыйжада 18 миллион 809 миң 250 сом топтолду», — деди ал.

Бишкектеги автоунаалар. Архивдик сүрөт

Исаев ошондой эле айдоочулар көбүнчө кайсы эрежелерди бузарын маалымдады.
«Айдоочулар көбүнчө ылдамдыкты көрсөтүлгөн нормадан ашырып айдашат. Ошондой эле жол белгилерин карашпайт. Жол чырактын кызыл түсүнө өтүп кеткендер дагы арбын», — деп кошумчалады ал.
Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары иштегенден бир сутка өткөндөн кийин 761 эреже бузуу катталган болчу.
БУЛАК:sputnik.kg