Кийинки президент Бабанов болобу?

Кийинки президент Бабанов болобу?

17-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Шайлоонун шарапаты, митингдин кесепети менен коркок, аферист атыккан Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келип калды. Уялбай этпей, “Кыргыз элим, мен силерге оор абалда келем деп айтпадым беле?”, дегенде Бабанов өзү уялбай эле жанында олтурган Адахан Мадумаров кызарып кеткенин тасмадан көрүүгө болот.
Шайлоонун ызы-чуусу менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ээрчип аянтта жакшы эле баягы саясый ырын ырдайын деди эле, каарданган калк ишенген атасы менен кууп чыкты. Топтошкон эл, колундагы желим бөтөлкөлөрдү Бабановчуларды карай ыргытканда “Султан чай” Өмүрбек мырзанын башына барып тийип калпагын учура коё жаздады.
Кыскасы, каарданган калк Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Өмүрбек Бабановду ызылдатып кууп чыкты. Баса, учурда Бабанов, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин колтугуна кирип, өзүнүн кадрларын мамлекеттик кызматка сунуштап баштады. Дегени менен Бабанов, “экөөн тең жакында саясый оюндан тээп чыгып, өзүм президент боломун”, деп тар чөйрөдө айта баштаптыр. Болушу толугу менен мүмкүн, эгерде Бабанов президенттикке талапкерликке коюп өтпөй калса, “президенттик шайлоонун жыйынтыгына нараазымын” деп, иниси Мирлан Жээнчороевди аянтка алып чыгат. Анысы “опытный” болуп калбадыбы, жакшы эле эки досту ойнотот сыягы.
Андыктан Мирлан Жээнчороев мырза, көк жынсыны ырымдап жуубай туруңуз, дагы керек болуп калабы деген ой…да…
Булак: NazarNews.kg