Казакстанга «Скорпион» отряды жөнөтүлөт

Казакстанга «Скорпион» отряды жөнөтүлөт

07-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Казакстанга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн «Скорпион» отряды жөнөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, отряд атайын даярдыктан өткөн.

«ЖККУнун алкагында Казакстандагы тынчтыкты сактоо максатында Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн «Скорпион» отряды жөнөтүлөт. Алардын арасында жөнөкөй аскерлер жок. Баары эле атайын даярдыктан өткөн офицерлер»,- деди министр.