Казакстандын тынчтыгын бузган бейөкмөт уюмдар

Казакстандын тынчтыгын бузган бейөкмөт уюмдар

07-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Мына Казакстанды ким талкалаганын дүйнөлүк медиалар жазып чыгышты !
Габриелян Майк АКШнын Казакстандагы демократияга жумшаган каражаты нааразылык акцияларынын алдында ачыкка чыкканын жарыялады.
АКШ Казакстандагы массалык нааразылык акциялары жана баш аламандыктары менен “демократияны күчтөндүрүүгө” жана “эркиндиктерди колдоого” канча каражат жумшаганы белгилүү болду. Сандарды «Октагон» басылмасы жарыялады.
Журналисттер, USAID сыяктуу америкалык институттар Казакстанда жигердүү жана эркин иштеп, Мамлекеттик департаменттин программаларына киргизилип жатканын белгилеп жазышты.
Декабрь айында, январь айындагы нааразылык акцияларынын алдында АКШ Казакстандагы “эркиндик жана демократия” үчүн олуттуу суммадагы каражат сарптаган.
Аталган программалардын бири» Казакстандагы бирикме эркиндигин колдоо» деп аталат. Америка Кошмо Штаттары буга чейин бир эле аталыштагы гранттарды берген эмес. Анын алкагында аймактарда чогулган элдин эркиндигин колдоого 750 миң доллар бөлүнгөн. Долбоор АКШнын Мамлекеттик департаментинин демократия, адам укуктары жана эмгек боюнча бюросу тарабынан көзөмөлдөнөт.
Дагы бир грант – бул “укук коргоочулар тармактарын” куруу. USAID бул программаны 2021-жылдын декабрь айында каржылаган жана бир квалификациялуу адамга төлөнүүчү бонус 45ти түзгөн.
Ошентип Казакстандагы тополоңдун артында акча төлөгөн көмүскө күч табылды
Кошумчалай кетсек, Америка Кошмо Штаттары декабрь айында диний эркиндиктерди реформалоо, америкалык стандарттарга жооп берүү үчүн 741 миң доллар грант берген.
Маалыматта белгиленгендей Алма-Атада бир гана USAIDдин аймактар аралык кеңсеси жайгашпастан, ал аркылуу Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстанда да долбоорлор ишке ашырылууда. НАТОнун «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын иштеп жаткан филиалы болгон Казценттин да өз штаб-квартирасы бар.