Кан басымы көтөрүлүп келген бейтапты дарыгер түртүп чыгарып салган

Кан басымы көтөрүлүп келген бейтапты дарыгер түртүп чыгарып салган

22-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарынын тургунун клиникага кабыл алуудан баш тартышты. Бул тууралуу 24.kg агентиги Шердор Абдыкапаровдун билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
Маалыматты,   А. Абдылдаева жактоочуга  кайрылып, Бакай-Ата конушунун  поликлиникасына кан басымы көтөрүлүп келген байбичени кабыл албай коюшкан.

«Кабыл алууда дарыгер аларга көңүл бурбай, 15 мүнөттөн ашуун телефон менен сүйлөшүп отуруп алган. Андан кийин ал бейтаптарды жазылуу аркылуу гана кабыл алаарын жана бейтапты кабыл алууга убактысы жок экенин айтып чыгып кетүүсүн талап кылган. Бейтап менен чогуу келген жаран кан басымын текшерип, биринчи медициналык жардам берүүсүн билдиришкен.  Ачууланган дарыгер аларды кабинеттен түртүп чыгарып койгон. Аран турган бейтап ошол жерден эсин жоготуп,  No1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирүүгө аргасыз болгон », — деди жактоочу.
Булак: argument.kg