Кайнежем телефондон күйөөмү мага тукура берет

Кайнежем телефондон күйөөмү мага тукура берет

15-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Турмушка чыкканыма төрт жыл болуп калды. Эки уулум бар. Балдарым кичине болуп азырынча жумушка чыга элекмин. Күйөөм жалгыз иштейт. Бир адамдын тапканы баарыбызга кенен жетпей кетет. Анын айылыгын сарамжалдуу кармаганга аракет кылып, балдарга деле кыйратып кийим алып бербейм. Эжемдин балдарынын батпай калган кийимдерин кээде алып келип кийгизип койчумун. Аны кайненем билчү. Кайнежеме айтып койгон окшойт.  Ал күйөөмө чалып алып ар кайсыны айтып мага тукуруп жатат. Күйөөм тамак-ашка берген акчасынан бери санап, кимдин эскисин балдарыма кийгизип жатасын, мен берген акча кайда кетип жатат деп мээмди жеп жатат.