КАДЫР-БАРКТЫН КОРГООЧУСУ КАРАМУШКИНАБЫ?
27-бештин айы, 2017-ж // //КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Интернетте президент Сооронбай Жээнбековду жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди атайын каралоо жүрүп жатат деп айтып чыкты. Анын пикиринде социалдык тармактардагы айрым топтордо президент менен экс-президенттин ар-намысына шек келтирген билдирүүлөр жарыяланып жатат.
– Буларга чара көрүү боюнча мага бир катар жарандар кайрылды. Мен болсо коопсуздук жана коргонуу комитетинде бул маселени УКМКга жеткирдим. Алар чара көрүлүп жатканын айтышты, – деген Карамушкина.
Ирина Карамушкина мындан сырткары социалдык тармактарда диний радикалдар, улутчулдар конституциялык түзүлүшкө шек келтирип, айрым жарандарды коркутуп-үркүтүп жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, бул сыяктуу билдирүүлөрдү КСДПчы депутат маал-маалы менен көтөрүп чыгып, УКМК ага удаа аракеттерди көрө баштайт. Коомчулук бул билдирүүдөн улам Ирина Карамушкина «Карамушкина эл өкүлүбү же өлкө башчыларынын кадыр-баркын коргоочубу » деп талкууга алышууда.
Булак:Каганат.