Электр энергиясына карата баалардын тарифи жогорулайбы?

Электр энергиясына карата баалардын тарифи жогорулайбы?

06-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Электр энергиясына болгон тариф сентябр айында жаңыланат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

«Бүгүнкү күнгө бир аз кечигип жатабыз. Биз документалдык иш-чараларды жүргүзүшүбүз керек. Жаңы жобо Юстиция министрлигинен катталат. Эгерде долбоордун коомдук талкуусу 15-июлда аяктаса, аны өкмөттүн бекитүүсүнө сунуштоо үчүн туура бир ай убакыт керек. Андан кийин, кайсы бир жерде 15-августта министрлер кабинетинен жарлык күтөбүз. Биз аны артка кайтарып киргизе албайбыз, андыктан 1-сентябрга пландаштырып жатабыз », — деди Миргүл Айдарова.