Илим Карыпбековду финансы полициясы суракка чакырды

Илим Карыпбековду финансы полициясы суракка чакырды

24-баш оона, 2018-ж // //

КТРКнын директору Илим Карыпбековду 23-августта финансы полициясы суракка чакырды. Бул тууралуу Карыпбеков Twitter баракчасына жазган.
Анда: «Бүгүн маанилүү жолугушууга кечигип келдим. Кечикпеш керек эле. Бирок финансы полициясы суракка чакырып, кармалып калганымды айтканда, «Азыр өлкөнүн жарымы суракта болуп жатат. Бул адаттагыдай эле көрүнүш, дагы жакшы чыгыптырсың»-дегенден башка эскертүү алган жокмун. Мына ушундай азыр»-деген билдирүү калтырылган.
Булак: Govori.tv