Саясат

Феликс Кулов: «Атамбаев мага Ш.Атаханов келип, «Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби?» деп суранды, мен…»

Батукаевдин бошотулушу
— Сизди Батукаев менен байланыштырып жүрөт. Жакын мамиле болгонбу?
— Батукаев менен мамилем жок. Мен Жаңы-Жерде, Батукаев Молдовановкада олтурган.
— Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жогор жак аралашпаса ишке ашпайт болчу да. Кимдин көзөмөлү менен “мыйзамдагы ууру” өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу сизде маалымат барбы?
— Атамбаев менен сүйлөшкөнүмдө жеке өзү ушул тууралуу айтып берген. Мен сурабасам да өзү “Феликс Шаршенбаевич, Батукаев тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиздин оюңуз кандай?” деп айтып калды. Аны бошотуп жибербедиби, эми менден эмне үчүн сурап жатасыз?- дедим. Атамбаев “Мага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип, “ Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан.
БУЛАК:ЖАҢЫ ОРДО

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *