“Дөө Чыңгыздын” автоунаасына ок атылды

“Дөө Чыңгыздын” автоунаасына ок атылды

11-теке, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Криминалдык чөйрөдө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун автоунаасына ок атылганы 8 июлда «Сводка АКИpress» редакциясына булактар аркылуу белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Аламүдүн районунун аймагында болгон.

Ч.Жумагулов качып кетүүгө жетишкен.

Жумагулов 2020-жылдын июнунда КР Кылмыш жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү («Бейбашчылык») менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган болчу. 2021-жылдын иююлунда жаза мөөнөтү аяктады деп бошотулган.