Депутаттар Асланбек Малиевди төө бастыга алды

Депутаттар Асланбек Малиевди төө бастыга алды

25-бугу, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында  Вице — спикер Нурбек Сыдыгалиев министрлер кабинетинин отставкасы боюнча Асланбек Малиевге жооп кайтарды. «Нарынга каражат бөлүп койсо эле, өкмөт отставкага кетмек беле. Анын үстүнө аларды кетирүү укугу бизде жок да, жакшына болбойлубу»,-деди. Балбак Түлөбаев Акылбек Жапаровго жана Садыр Жапаровго рахмат айтып, Кумтөрдө бардык облустун үлүшү бар. Нарынга 0.6 пайыз каражат бөлүп жакшы кылды. Мүмкүн болсо, башка аймактарды да, карап чыгыш керек»-деген пикирин билдирди. Башка депутаттар да, Аслан Малиевди бөлүнбөгөнгө чакырып, Кумтөр жалпы кыргыз элине таандык байлык экенин айтышты.