Депутат А.Алтынбеков электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштады

Депутат А.Алтынбеков электр энергиясына болгон бааны көтөрүүнү сунуштады

19-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Энергетика министрлиги өзүн-өзү актоо үчүн электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүнү сунуштады.

Алтынбеков билдиргендей, бүгүнкү күндө Энергетика министрлигинин жалпы карызы 137 млрд.

«Качан өзүн өзү камсыздоого, пайда алып келүү деңгээлине жетет? Качан бюджетти түзө баштайсыздар? Мамлекет жабыркап жатат го?» – деп сурады депутат энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевден.

Ал эми Тилек Айталиев электр энергиясынын баасы менен орточо тариф бирдей болмоюнча мындай көйгөй боло берерин айтты.