Дайырбек Орунбеков: “Саясий күчтөр жарандык согушка жетелеп баратышат!”

Дайырбек Орунбеков: “Саясий күчтөр жарандык согушка жетелеп баратышат!”

20-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков  өзүнүн фейсбук баракчасына пост жазып чыкты.
“Бийлик менен оппозиция ортосунда тиреш күчөөдө. Тирештин соңу шайлоо жыйынтыгына багытталгандай көрүнүп жатат. Бир тарабында Отунбаева, Текебаев, Бекназаров баштаган саясатчылар жана НПО сектор. Буларга таарынгандар, бийлик жетпей калгандар дагы ооп кетиши ыктымал. Бүгүн бийликке жана Башмыйзамдын алмашуусуна каршы күчтөр отурум кылып, талкуулап жатышат. Айрымдары ачык эле дагы революция болорун эскертип өтүштү. Бирок революция болбойт, болсо жарандык согуш чыгат!
Эмне үчүн?
5000ден ашык адам чогулта алса,  бийликти алып койсо болот деген түшүнүк калыптанып калды. Эртең бул топ 5000ден ашык адам чыгара алат, балким андан дагы көп.
Милиция жана башка органдар каршы туруп береби ал ойлоно турган маселе. Бирок, азыркы бийликтин тарабында дагы ошого чукул эле «анти митингчилери» бийликти коргоп калууга аракет кылат. Эл кагылышып,  кан төгүлүп,  максаты түшүнүксүз, ким менен ким согушуп жатканы белгисиз жарандык жаңжал чыгуу коркунучу бар.Эгер ушуга жетсек — Кыргызстандын аркы келечеги караңгы.
Бул коркунучтан чыгуунун эки жолу бар, эгер силерге мамлекет керек болсо!
Ош коогалаңына көз жумуп, элдин канын төгүп, андан кийин Референдум жарыялап, ага кыпчып Отунбаеваны президент, өздөрүнүн Конституциясын өткөргөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү- бул бийликтин аракетине бут тоспой, «силерди дагы көрөлү» деш керек. Өздөрү убагында мыйзамды уруп-ойнобой билгенин кылышкан. Эстегиле!
Же,
Азыркы бийлик Референдумду кое туруп, Президенттик шайлоону өткөрүп, андан соң парламенттик шайлоого камынышы абзел.
Мындан аркы саясий тиреш, күрөштөр өтө опурталдуу,  мамлекеттин кызыкчылыгын ойлонбосок,  жоготуп алабыз.  Кепке келип, алтын ортолукту тапкыла, элдин убалы урат.
Жарандык кагылышуу болсо бул — митинг же пикет эмес, хаос! Адамдардын сансыз өлүмү,  ый, кайгы, муң, азап, ачкачылык. Алдын-алып ойлонолу! Абалды курчутуп «дагы революция болот» деп кудуңдагандар эсиңерге келгиле!
Элди тынч жашатасыңарбы же силердин бийлик талашыңар үчүн жабыркай беребизби?!”,- деп жазган посттунда.