СаясатШоубизнес

Чыпалак баатыр: Садыр Жапаров менин өнөрүмдү баалап, үйүнө чакырды

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЫНДЫГЫ МЕНИН ЖАШООМ МЕНЕН ӨЗГӨЧӨ
Кандайсыңар, саламатсыңарбы улуу элдерим, байкап отурсам тим эле ак форманы ары бери чайкап кир жуугандай эле жууп талкуулап жиликтеп салыпсыңар. Патриот эместер
“калпагы жок эле барса болмок” – деп, диванда отуруп алып сындап жазыпсыңар.
Эми чындыкты силерге козгоп айтып жазып кетейин э. Мына мен кийип жүргөн өзгөчө оймолуу чиймелүү бышык бир эле кара формамды 4-5 жылдан бери калтырбай алмаштырбай бардык жерде кийип өнөрлөрүм көрсөтүп жүрөм, баасы болгону 1800 сом турат, убагында өзүм заказ менен тиктиртип алгам.
Анан азыркы олимпиадага кийчү АК формаңар сонун экен чынында, гүлдүү тим эле ак падыша сыяктуу, бирок баасы жаккан жок, өтө миң эсе кымбат экен, кычкач сыяктуу коррупция болуп баштаптыр, форма жагынан да. Анан ушу мен дагы убагында канча аракет кылсамда 2010 жылдары кытайга конкурска барбай калдым, көрө албас жол тосорлордун айынан, андан кийин х-факторго катышып 200 баланын ичинен утуп биринчи орунга чыккан элем, анда деле лапшагондордун айынан уткан акчамды бербей же сөздөрүнө турбастан, чет өлкөгө алып барбастан, жөн эле кишини убара кылышкан. Бирок кийин болбой эле кинолорго, тойлорго, концерттерге, тв шоулорго чыгып жүрүп отуруп бүт элдериме продюсерим аркылуу дүйнөгө таанылып кеттим.
Ушу акыркы жолу ишенип дүйнөлүк конкурска Кыргызстандын атынан катышып көрөйүнчү деп, атып ошондогу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылдым эле, ушу мага көңүлүңүздү буруп коюңуз мен утуп келет элем деп, бирок ал киши мага моюн көтөргөнсүп мага көңүлүн бурган эмес.
Бирок ошондо Кыргызстандын ичинде 50дөй таланттууларды жеңип өтүп, андан ары 2 этапта чет жакта 100дөй таланттууларды жеңип өтүп, 3 этапка жетип, финалга чыкканда сасыткы көрө албас өнөр жагым түшүнбөгөн тетири адамдарга туш болдум. Калыстарда калыстык болгондо мен чындап утуп, Кыргызстанды бийик даңазалап көтөрүп келмекмин, эгерде ушундай сасыткы жол тосорлор, буттан тарткан көрө албастар жок болгондо. Бир гана красавица Гүлнур Сатылганова эжеге чоң рахмат демекчимин, өзгөчө мени сүйүп, менин өнөрүм тереңинен түшүнүп, колдоп туду демекчимин.
Ага чейин Сооронбай Жээнбеков мени айтайын жаман көзү менен карап койдубу же айланасындагы адамдар мени атайын жамандап айтып койдубу иши кылып канча кайрылсам деле көңүл бурбай коюшкан да, “эми айла жок түңүлдүм”- деп, кайгырып жаткам. Анан конкурстан кийин үйгө келип жатсам эле, кечкэ жуук президент Сооронбай Жээнбеков өзү мага звонок кылып чалып коюптур, мен анда уктап жаткам. Анан мен, “түштөн кийин мага чалгандын не кызыгы бар”- деп, оронуп бир жума суу ичпей, нан жебей, ачка жатып алган күндөрүм болду.
Эми башынан чындап айтканда жаңыдан элге чыгып келе атканымда ошондогу президент Алмазбек Атамбаев мени жамандап басынтып камаган, көрө албастык кылып бутумдан чалып, ГКНБ, МВД жагына салып берип. Бут тосуп атып КТРК тв жагынада Илим Карыпбеков араң киргизген. Билесиңер э, ошондо жөндөн жөн эле мени кармап кетишкен, жаңылыктарга бүт чыгып Чыпалак баатыр камалды дешип, мени уят кылышкан. Андан кийин Сооронбай Жээнбековдун учурунда мени колдобой коюп уят кылышты.
Андан кийин эле өзгөчө патриот президент Садыр Жапаров келип, дароо мага өзгөчө сыйлуу сылык көңүлүн буруп, менин өнөрлөрүм бүт сыйлап, мени үйүнө чейин коноко чакырып, мени баалап баштады. “Омээйда күн кайдан чыгат”- деп, мен өтө таң калгам, “мага окшогон жөнөкөй адамдар деле сыйланат турбайбы” -деп ыраазы болдум. Мен да колдоп, ишенип, иштерине ийгилик каалап, жасаган иштерин көрүп сыймыктанып жүрүп баштадым. Мына азыр айткан сөздөрүнө бүт туруп, кумтөрдү кайтарып алып жарым жылдын ичинде толтура иштерди жасады. Көрө албас сасыткылар эле ичтери күйүп чычалап жүрүшөт демекчимин.
Ошо анда эмесе чындыгым ушундай сиздерге улуу элдерим, мен Зарылбек Аликенов (Чыпалак баатыр)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *