Чынара Жакупбекова: «Өмүрбек Чиркешовичтин акча алганы далилденген жок»

Чынара Жакупбекова: «Өмүрбек Чиркешовичтин акча алганы далилденген жок»

25-тогуздун айы, 2017-ж // //

Камактагы депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары Жогорку сотко кайрылышты. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова  билдирди. Анын ырасташынча, 24-октябрда берилген доо арызда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов боюнча райондук, шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгаруу, аларды актоо өтүнүчү жазылган:
— Кылмыш иши жана Өмүрбек Чиркешовичтин ал акчаны алганы далилденген жок. Жөн эле ушактын негизинде чечим чыгарып койду. Чечимдин өзүндө дагы эч кандай негиз жок. Анда судья эмнеге мындай чечимге келгени да жазылган эмес.
Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деген айып менен быйыл февралда камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартипте абакка кескен жана үй-мүлктөрү мамлекетке чегерилсин деген чечим чыгарган. Айыпталуучулар буга макул болбой жогорку инстанцияга даттанган.
Ишти Бишкек шаардык соту 2-октябрда карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Айыпталуучулар муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.
Эки саясатчы тең кармалгандан бери УКМКнын тергөө абагында отурган эле. 10-октябрда №1 Тергөө абагына алып келинген. Өткөн аптада Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27 абакка которулган.
Булак: Азаттык