Чолпонбек Абыкеев: «Өчөшүү менен уюшулган иш болсо уюштургандар катуу жазаланып, министр отставкага кетиши керек»
24-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖазуучу, президентти кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев дагы журналист менен акындын кармалышына карата өз пикирин билдирип, демократия менен анархиянын кармашы уланууда дейт.
«Демократия менен анархияны ажыратып түшүнүү кыйынчылыгы
Кадимки Ленин аксакалдын айтканы бар. “Демократия менен анархиянын ортосу бир эле карыш”-деп. Мен аны “Карыштан да кыска каш менен кабактын ортосундай эле”- деп жызып жүрөм. Демократиянын таянар бир туткасы бир эле күчү бар. Ал мыйзамдын туура сакталышы. Мыйзам диктатурасы. Анархиянын күчү болсо ушунун тескериси. Мыйзамды “Буйлалаган төө” кылып жетелеп алмай. Мыйзам кимдир бирөөлөр үчүн иштейт. Кимдир бирөөлөр үчүн иштебейт. Мыйзамды керек учурда атап өтүп аткарбай койсоң деле болот. Бул анархия.
Мына ушул эки айырмачылык бул коомдо мамлекет деген бийлик түзүмү башталгандан бери эле күрөшүп келатышат. Демократия менен анархиянын бирде аралашып кетип, бирде колтукташа калып, бирде карама -каршы туруп тирешүүсү өзгөчө бизге окшоп жаңы демократиялык жолго түшкөн, “ Таза демократиялык мамлекет курабыз”- деп кыялданган. Эгемендүү демократиялык мамлекет куруунун өткөөл мезгилин башынан өткөзүп жаткан мамлекеттерде катардагы көрүнүш болот. Муну 30 жылдык эгемен жашообузда көп эле жолу жон терибиз менен сезип көрдүк.
Үй-бүлөлүк башкаруу куруу аракетин көргөн Акаев менен Бакиев мыйзамды жыйыштырып коюп алардын үй-бүлөсү үчүн мыйзам өзүнчө же такыр эле жок, мыйзам карапайым эл үчүн эле бар борлгон анархиялык доордун аягы эмне менен бүттү? Жакшы билебиз. Андан кийин мыйзам анархиясын атайлап жаратышып, парламенттик башкаруу дегенге шылтап, айыл өкүмөтүнө чейин бийлик бутактарын бөлүп алып. бийликти колдон чыгарбай түбөлүк отурабыз дешкен саясый уюшкан топтун да тилеги таш капты.
Бүгүн башкаруу бийлиги түп тамырынан бери өзгөрүп, башкаруу системасы Президенттик башкарууга өтүп, барына Президент жекке жоопкер болгон мезгилде эмне болууда? Демократия менен анархиянын тиреши токтодубу? Жок. Азыр да экө тирешип турат. Бул экөөнүн кырчылдашкан тиреши керек болсо күчөп баратат. Анткени Президенттик башкаруу кирери менен 30 жыл сайран курган коррупция менен болгон күрөш күчөдү. Коррупция болсо анархия сайрандаган коомдо гана жыргап жашайт. Мыйзам диктатурасы иштеген коомдо коррупция болбойт. 30 жыл эмне кылса өзү билип, май талкан жашоо кечиргендер үчүн бүгүн кыйын болууда. Алардын бүгүнкү бийликти көрөйүн деген көздөрү жок. Ылайыгы келсе да келбесе да бийликти жаманатты кылуунун аракетин көрүшүүдө.
Бүгүнкү бийликтин мыйзам диктатурасын орунотуу, мыйзамдуулукту сактоону толук ишке ашырган башкаруу системасын ишке киргизүү аракети оңойго турган жок. “Суу астынан аккан” тымызын агым менен күрөшүү күчүндө болууда. Ачык каршылаш менен күрөшүү оңой. Көзгө көрүнбөгөн “жоо” менен күрөшүү өтө кыйын.
Мен бир ачык мисал келтирейин. Өзүңөр демократиясы менен анархиясы ажыратып көргүлө. Болот Назаров деген акын менен Болот Темиров деген журналис банги затка тиешеси бар деп шектелип ИИМ тарабынан кармалды. Бул коомчулукта катуу чууну жаратты. Айрымдар “ Ушундай акыныбыз анча мынча банги заттан чексе эмне болот эле. Камабай эле койбойсуңарбы?”- дегенге чейин барышты. Тигил көмүскөдөгү “душмандарга” кудай берип салды. Кургак отунга май чачкандай тымызын каршылашууну, бийликти жамантатты кылууну күчөтүүдө.
Бизге мыйзам Президенттен баштап кайырчыга чейин бирдей иштеген, мыйзам диктатурасы оруногон коомдук башкаруу керекпи? Анда акынбы, депутатпы, мамлекеттик кызматкерби, журналиспи мыйзам астында бирдей жооп берсин да. “Бул акын экен, бул депутат экен анча мынча мыйзады бузуп койсо эч нерсе болбойт”- деш анархия. Бул коомду бузган вирус. Эмне үчүн ошол акындай же журуналистей абалда банги заты менен кармалган карапайым катардагы адам мыйзам алдында толук жооп берип жазаланышы керек да акын менен журналис жооп бербей кутулушу керек? Ойлонгулачы?
Эгер эле биз мыйзамдуу коомдо барыбыздын укугубуз бирдей сакталган бийлик системасында жашагыбыз келсе. Ар бирибиз мыйзамды бузбасак мыйзам бизди коргоп тураарына ишенгибиз келсе анда барыбыз мыйзамды бирдей сактайлы да. Бул акын, тигил депутат, ал журналис дегенге жол бербейли да. Так ушул жерде демократия менен анархияны ажыратып түшүнүп чекит коюуга үйрөнөлү да.
Туура эгер эки Болотко кандайдыр бир өчөшүү болуп атайлап уюштурулган иш болсо анда уюштурган тарап катуу жазасын алышы керек. ИИМ буга бүгүн катуу жоопкер. Эгер уюштурулган иш болуп экө ак болсо анда уюштургандар катуу жазаланып, министр отставкага кетиши керек. Мындай иште тамашалашуу болбойт.
Президенттин кеңешчиси катары ачык айтайын. Болгон окуяга Президент Садыр Жапаров катуу тынчсызданды. Президент эң башкысы адам. Катардагы адамдар мындай окуяга кабатыр болгонго караганда Парезиден эки эсе күчтүү санааркайт. Анткени мамлекеттеги ар бир адамдын тагдырына Президенттин жоопкерчилиги бар. Аны Садыр Жапаров жакшы түшүнөт. Президент тиешелүү тармактарга “Бул иш боюнча мыйзамдын бир тамгасы, үтүрү да бузулбасын. Мыйзам бузулса башыңар менен жооп бересиңер. Мен өзүм көзөмөлдөйм.”- дегендиктен эки Болот бошотулуп териштирүү экөнү бош коюп улантылууга өттү. Бирок ачык айталы Президент айта албайт да “Бири акын бири журналис экен. Анча мынча банги заты менен аралашып калыптыр териштирбей эле койгулачы”- деп. Антсе мыйзамдуу коомду кантип орнотот. Кантип мыйзамдын так сакталышын талап кылы алат.
Таза деморатияны, коомго мыйзам диктатуурасын орунотуу жекке эле бийлик башындагы Президентке эмес ар бирибизден да көз каранды. Ар бирибиз мыйзамдын так туура скталышына жоопкербиз. Ар бирибиз мыйзамды сактайлы жана башкалардын да так туура сакташын талап кыла билели.